Кыргызстандык эки жаран Сириядан эвакуацияланды

Кыргыз Республикасынын эки жараны Халим Мухаметова менен Радик Мухаметов Сириядан эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда, КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Сирияда бир тууган эжесиникинде жашашкан. Кийин экөө шартка байланыштуу Түркиянын Шанлыурфа шаарына кетүүгө мажбур болушкан. Ал жерден Халим менен Радик Мухаметовдор мекенине кайтууга акчасы калбай, аргасыздан Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кайрылышкан. 

КРнын өкүлчүлүгү Түркиядагы Эл аралык уюм менен биргеликте алардын маселесин чечип берип, Халим жана Радик Мухаметовдор 25-декабрда мекенине келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан