Турдубек Мамбетов КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 27-декабрда кол койду. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Каныбек Нарбаев аталган агенттиктин директорлугу кызматынан бошотулган.