Болот Мотукеев КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-декабрда билдирди.
Эске сала кетсек, Мотукеев илимдин доктору, дене тарбия жана спортко арналган китептин автору.