“Бишкек жылуулук энергия” коммуналдык ишканасынын “Түндүк электр” ишканасына болгон карызы 16 миллион 400 миң сомду түзөт. Бул туурасында бүгүн, 27-декабрда аталган ишканадан билдирди.
Ошондой эле “Түндүкэлектр” ААКсына “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы 11 миллион 600 миң сом, Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы 3 миллион 700 миң сом карыз.
Эгерде карыздар төлөнбөсө, жогоруда аталган мекемелерде электр жарыгы өчүрүлөт.