30-декабрда Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Люксембург, Ак-Кудук, Денисовка айылдарында электр жарыгы өчөт. Жарыкты өчүрүү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын оңдоо иштерине байланыштуу.