Ош шаардык мэриясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, ошондой эле Ош шаардык мэриясынын аппаратында, Ош шаардык башкармалыктарда жана муниципалдык мекемелерде иштеген жумушчулардын балдарына жаңы жылдык кече уюштурушту. Майрамдык иш-чарага 500гө жакын бала катышып, жаңы жылдык белектерге ээ болушту.
Жергиликтүү бийликтен вице-мэр Дастан Ходжаев келип катышып: “Ар бирибиз бала болгонбуз. Баарыбыздын эсибизде болсо керек, бул майрамды кандай чыдамсыздык менен күткөнүбүз. Балдар - биздин келечегибиз. Алардын келечеги жаркын жана кубанычтуу болуусу үчүн биз болгон аракетибизди жасашыбыз керек. Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган майрамдык кече мыкты жаңы жылдык маанай тартуулайт деген ойдомун”,- деп балдарды Жаңы жылы менен куттуктады.