Telegram мессенджери өзүнүн негиздөөчүсү Павел Дуров Парижде камакка алынгандан кийин ар кайсы өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жигердүү кызматташып, аларга суралган маалыматтарды бере баштады. Бул тууралуу франциялык Le Figaro жана Liberation басылмалары жазышты.
Le Figaro жазгандай, буга чейин Евробиримдик өлкөлөрүнүн бири Телеграмдагы тайпага байланыштуу суроого жооп алган, анда жүзгө жакын киши өлтүрүүлөр талкууланган. Өз кезегинде Түштүк Корея да анын өтүнүчүнө жооп күтүп жатат.
Францияда Telegram улуттук полициянын жашы жете электердин иштери боюнча департаментинин (OFMIN) суроо-талабы боюнча жашы жете электерге каршы кылмыштарды иликтөөгө байланыштуу маалыматты берген. Liberation басылмасынын айтымында, бул балдарга каршы кылмыштарга тиешеси бар деп шектелген айрым адамдарды аныктоого жардам бериши керек.
Жазында OFMIN Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук юрисдикциянын киберкылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнө мессенжерде жашы жете электерге каршы кылмыштардын көзөмөлсүз көбөйүшү жөнүндө кабарлаган. Тергөөчүлөр жана соттор Telegram курал-жарак, баңгизат жана адамдар сатылып, буйрутма киши өлтүрүүлөр талкууланган кандайдыр бир “кылмыштын супермаркети” болуп калды деп ырасташат.
Le Figaro ошондой эле Телеграмдын адилеттик менен болгон мамилесин нормалдаштырууга даярдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлдеги көптөгөн иликтөөлөрдү илгерилетүүгө жардам берерин белгилейт. Жакынкы аралыкта бул ишке Павел Дуровдон башка дагы адамдар тартылышы мүмкүн.
Дуров 24-августта Париждин аэропортунан кармалган. Ал бир катар уюшкан кылмыштуулук боюнча, анын ичинде баңгизаттарды таратууга шериктеш болуу, балдар порнографиясы жана бийлик сураган учурда маалымат берүүдөн баш тартуу боюнча айыпталууда. Бир нече күндөн кийин ал полицияга келип турууга милдеттендирилип бошотулган.
Politico билдиргендей, Дуровго каршы тергөө Telegram жетекчилиги балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук фактысы боюнча француз бийлигинин өтүнүчүнө жооп бербегенден кийин башталган.