Израиль биринчи жолу Ливандын түндүгүндөгү конушка сокку урду

Израилдин аскер-аба күчтөрүнүн учактары Ливандын түндүгүндөгү Жбейль (Библос) районунун Муайсара шаарчасына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, Израилдин соккусунан курман болгондор бар. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Муайсара шиит мусулмандары жашаган Библос шаарына жакын жердеги жалгыз конуш. Библос курорттук аймагы Ливандагы эң коопсуз аймактардын бири болуп эсептелет. Ал жер негизинен "Хезболла" кыймылына тиешеси жок.

Израиль 23-сентябрда Ливандын туштүгүндө жайгашкан "Хезболланын" буталарына ири соккуларын жасаган. Анда кеминде 558 киши, анын ичинде 50 бала жана 94 аял набыт болуп, 1645 киши жарадар болгонун Ливандын бийлиги билдирди. Миңдеген жайкын тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан