Израилдин Ливанга жасаган соккуларынан кийин Англия Кипрге аскерлерин жиберди

Британия өз жарандарына Ливандан чыгып кетүүгө жардам берүү үчүн Кипрдеги Актротири авиабазасына 700дөй аскерин жайгаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Премьер-министр Кир Стармер Израиль менен "Хезболланын" ортосундагы согуштун күчөшү аймакты кырга түртүп жатканын эскертип, британ жарандарын араб мамлекетинен дароо чыгып кетүүгө чакырды.

Британия Королдук деңиз флотунун эки кемеси, учактары жана транспорт тик учактары жайгашкан аймактагы катышуусун күчөтүп жатканын белгиледи.

"Акыркы сааттардагы жана күндөрдүн окуялары бул кырдаалдын канчалык морт экенин көрсөттү, ошондуктан биз британ жарандары өлкөдөн дароо чыгып кетиши керек экенин ачык-айкын түшүнөбүз", - деди Коргоо министри Жон Хили.

Эске салсак, Израилдин чабуулунан 23-сентябрдын таңынан бери Ливанда 569 киши, анын ичинде 50 бала набыт болуп, 1835 киши жаракат алган. Ливандын түштүгүнөн качкан миңдеген жер которгон адамдар Бейрутта жана өлкөнүн түндүгүндөгү мектептерде жана убактылуу баш калкалоочу жайларда баш калкалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан