“Торугарт” жана “Эркеч-Там” автожол өткөрүү бекеттери 2014-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 28-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, өткөрүү бекеттеринин жабылышы Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу.