Акыйкатчы интернеттеги жалган маалымат үчүн айып салган долбоорду кайтарып алууну сунуштады

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорунун демилгечилерин сунушту кайра кайтарып алууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган мыйзам долбоорундагы айып пулдун өлчөмү негизсиз жогору.

"1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы негизсиз жогору. Андан сырткары мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт”, - деген Жаманбаева.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, 27-августта коомдук талкууга коюлган. 17-сентябрда долбоор Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, биринчи окуудан өткөн.

Аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, жалган маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан