Бүгүн, 28-декабрда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы "Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет" деп маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын энергетикалык тутумунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, тагыраак айтканда, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында саат 06:00дөн 23:00гө чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет. Мындай жагдай электр чубалгыларындагы аша жүктөлүүнү азайтуу максатында болуп жатат.
Эске сала кетсек, быйыл күзүндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Бирок кышында электр жарыгы өчпөйт" деп билдирген. Өкмөт башчы мындай билдирүүнү 2012-жылы да айткан эле. Ага карабай ал жылы да электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп турган.