“КРнын Улуттук электр тармагы” ААКынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын түндүк-чыгыш тарабында саат 06:00дөн 23:00дөр аралыгында маал-маалы менен электр энергияны чектөөлөр жүрүүдө.
Жарыкты чектөө 25-декабрдагы Казакстандын түштүгүндөгү электр линияларын таратуучу станция ишке киргизилип, мындан улам Кыргызстандын аймагындагы энергосистемге таасирин тийгизүүдө. Казакстандык компания электр линияларындагы токтун кубаттуулугун нормалдаштыруу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдаган кат жөнөткөн.