КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги 2013-жылы 11 ай ичинде
бланкаларды даярдоо жана лицензия берүүдөн республикалык бюджетке 89 миллион
668,8 миң сом которгон. Бул маалымат аталган мекеменин 11 ай ичинде аткарган
ишинин жыйынтыгында көрсөтүлгөн.
Түшкөн каражат 2012-жылдын 11 айына салыштырмалуу 112,6 пайызга көп жана 9
миллион 759,9 миң сомго көп чогулган.
Маалыматта республиканын транспорттук
тармагын жакшыртуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган. Ошондой
эле унааларды ташуу боюнча уруксат берүүчү бланка өкмөттөр аралык
макулдашууларга ылайык берилип жатканы көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары бланкалар мурун фирмаларга гана берилсе, азыр жеке айдоочуга берилгени да жазылган.