КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн,
30-декабрдагы маалымат жыйынында
“чек ара жана өткөрүү бекеттериндеги маселелер
боюнча Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып бара жатканын көрүүгө болот” деп
билдирди.
Анын айтымында, көп жылдан бери ишке ашпай келген эки өлкөнүн чек
ара кызматы жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин деңгээлиндеги
сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
“Албетте, кээ бир маселелерде пикир, көз караштарыбыз
дал келбей жатты. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аянтын жана механизмин түзүү биз
үчүн маанилүү болду. Чек ара аймагында жашаган карапайым калк үчүн сырткы саясатыбызды
тургузууну көздөп жатабыз”,- деди министр.