Жер бетинде магниттик бороон башталганы айтылды

Магниттик бороон кечээ, 3-октябрда жерде башталды. Ал эки күнгө созуларын “Фобос” аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леус билдирген. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Айта кетсек, 2-октябрга караган түнү Күндүн бетинде кубаттуулугу Х7.1ге жеткен жарылуу болгон. Ал акыркы жети жыл аралыгындагы экинчи чоң жарылуу экендигин окумуштуулар билдирген.

“Магниттик бороон-чапкындар күн шамалынын агымы Жердин айланасы менен кагылышып, андан кийин планетанын магнитосферасы менен өз ара аракеттенгенде пайда болот.

3-октябрда G1 үлусүндөгү кубаттуулугу аз магниттик бороон башталып, кийинки күндөн тарта ал жогорулайт. 5-октябрь анын көрсөткүчү жогорку абалда болот. Жердин магнит талаасы кийинки жуманын башында тынч абалга келет”, - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин билдирүүсүндө, магниттик бороон жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдарга таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле кан басымдын жогорулашына же төмөндөшүнө алып келиши ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан