Телеграм каналынын негиздөөчүсү Павел Дуров Ирина Болгар менен мамиледе болгон деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Павел Дуровдун өкүлүнүн айтымына караганда, Ирина Болгар Дуровдун йога боюнча жеке машыктыруучусу болгон. Балалуу болуу сунушун Болгар киргизген, Дуров бул сунушка макулдугун берген. Ошондой эле Дуров көп балалуу болгонуна карабай, алардын ар бирине колдоо көрсөтүп, ай сайын бир балага 10 миң доллардан акча которуп турарын кошумчалаган.
Ал эми Болгар Павел Дуров менен жакын мамиледе болушканын, сүрөт, видеолор бар экенин билдирген. Ал жеке ишкер менен болгон он жылдык мамилесинде, үч балалуу болушканын айтып чыккан. Бирок жубайлардын ортосунда нике каттоосу болбосо да, балдар эч кандай тоскоолдуксуз мүлккө ээ боло ала тургандыгын ишкер белгилеген.
Ирина Болгар 2023-жылдын март айында "Дуров балдарынын бирине физикалык зомбулук көрсөткөн" деп айыптап, сотко кайрылган. Мындан тышкары айына 150 миң евро өлчөмүндө алимент төлөбөй койгонун билдирген.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге жеке бизнес учагы менен Азербайжандан учуп келгени маалымдалган. 28-августта чет элдик басылмалар Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланганын жазышты.
29-августта сот Дуровду камактан бошоткон, бирок ал соттун көзөмөлүндө болуп, Франциянын аймагынан чыга албайт. Ошондой эле ал 5 миллион евро өлчөмүндө күрөө төлөшү керек жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келип турат. Дуровго 6 берене менен айып тагылууда.