Израил армиясы Иранга ири сокку урууга даярданууда

Израил 1-октябрда болгон ракеталык чабуулдарга жооп иретинде Иранга каршы “чоң жана катаал” жооп сокку урууга даярданып жатат. Бул тууралуу Израилдин мамлекеттик KAN телеканалы жана Haaretz гезити билдирди.

Израилде олуттуу кыйроолор катталбаганына карабастан, аскерлер Ирандын аракеттерине масштабдуу жооп берүүгө даярданып жатышат. Басылмалар өз кабарларында Израил ракеталык чабуулдарды жазасыз калтырбай турганын белгилешет. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху видеокайрылуусунда "Иран чоң жаңылыштык кетирди жана анын акысын төлөйт" деди.

Израил ошондой эле эл аралык союздаштарынын, анын ичинде Иран коркунучун глобалдык көйгөй деп эсептеген “анти-иран коалициясынын” өлкөлөрүнүн колдоосуна ишенет.

"АКШнын Иранга каршы жооп чараларына активдүү катышуусу күтүлүүдө", - деп билдирет Израилдин маалымат булактары.

Буга чейин АКШнын президенттигине Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп Израилге Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруусун сунуштап, чагымчыл билдирүү жасаган.

Буга чейин Ирандын бийлиги жума күнү Израилдин “конструктивдүү эмес аракеттери” болгон учурда бүтүндөй энергетика тармагына бир убакта сокку ураарын эскерткен.

1-октябрда Ирандын Революциялык гвардиясы Израилди көздөй ондогон баллистикалык ракеталарды учуруп, абадан чабуул жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан