Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз элин жана Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу 30-декабрда КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоо текстинде “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, казак элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаңы 2014-жылыңыздар менен куттуктайм. Сизге бекем ден соолук жана ишиңизге ийгилик каалайм. Ал эми кыргыз элине өнүгүүнү, бейпилдикти жана тынчтыкты каалайм!" деп айтылат.