Орусиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу 30-декабрда КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоодо "Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизди келе жаткан Жаңы жылыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Узап бара жаткан жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер үчүн ийгиликтүү болду.
Бишкектеги жана Сочидеги биздин жолугушуулар негизги тармактарда өндүрүмдүү кызматташууну кеңейтүүгө, евразиялык мейкиндиктеги түрдүү, көп тараптуу форматтарда өз ара мамилени чыңдоого өбөлгө түздү. Келе жаткан жылы кыргыз-орусиялык байланыштар мындан ары дагы союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында активдүү өнүгөрүнө ишенем.
Сизге, сиздин туугандарыңызга жана жакын адамдарыңызга ден соолук, бакыт-таалай жана көптөгөн ийгиликтерди, Кыргызстандын дос элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм" деп айтылат.