Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарылды

Бүгүн, 8-октябрда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди Жогорку сот коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, Олжобай Шакир 10 күндүн ичинде бошотулат. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалып турганы маалым болду.

Белгилей кетсек, Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. 2024-жылдын 14-майында Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 5 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми жазуучу Олжобай Шакир күнөөсүн моюнуна албай турганын, соттун чечими менен макул эместигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан