"Акындын абакка кесилгени кара так болуп калат". Олжобай Шакир адилетсиз чечим болгонун айтты

Бүгүн, 15-июлда Чүй облустук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдүн райондук сотунун аны беш жылга эркинен ажыраткан чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Соттун жүрүшүндө жактоочу Акмат Алагушев жараянды видео, сүрөткө тартууга уруксат сурады. Судьялар курамы аны канааттандырган жок.

Айыпталуучу суралып бүткөн соң кылмыш иши райондук сотто изилденгендиктен тараптардын уруксаты менен жарыш сөзгө өтүштү.

Сотто Олжобай Шакир күнөөсүн моюнуна албай турганын кайталап, 11 ай абакта жатканы жаза катары жетиштүү болгонун айтты.

"Видео кайрылууларымда эч кандай агрессия жок, агрессиянын жактоочусу эмесмин. Болгону эмоцияга гана алдырып койдум, аны моюнга алам. Менин айыбым онлайн митингди жакшы түшүндүрө албай калганымда болду, анын залакасы тийди. Элдин эгемендикке болгон жоопкерчилигин ойготкум келген. Массалык башаламандыкка чакыруу башкы мүдөөм болгон эмес.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында акын, жазуучунун абакка кесилгени кара так болуп калат. Себеби элдин оозун таптакыр жаап коюу мүмкүн эмес", - деди Олжобай Шакир.

Отурумдан кийин жазуучу адилетсиз чечим болгонун айтып, "бул жерде адилетсиздик болгону көрүнүп турбайбы" деди.

Жактоочу Акмат Алагушев Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирди.

"Бүгүнкү судьялар курамы иш материалдарын карап чыгып эле, бир жарым сааттын ичинде чечим кабыл алышты. Изилдөө болгон жок. Сотто көп эреже бузулду", - деди.

Укук коргоочу Рита Карасартова адилетсиз чечим болгонун айтты.

"Изилдөө жүргөн, баары далилденген, чечимди өзгөртүүсүз калтырып койгула" дегендей эле айтып койду. Бүгүнкү соттук териштирүү жарым саатка жеткен жок, 5 мүнөттүн ичинде эле чечим чыгарып коюшту. Бул эмне дегендик? Адамдын жашоосу бааланбай калгандыгынын белгисиби же жогору жактагы буюртманы бат аткарганыбы? Билбейм", - дейт укук коргоочу.

Белгилей кетсек, 14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди 5 жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.

Олжобай Шакирдин соту 15.07.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан