Жакынкы күндөрдө мигранттар үчүн окуу китепчеси жарыкка чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрдагы маалымат жыйынында Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Аттокур Жапанов билдирди. Анын айтымында, Орусияга жана башка мамлекеттерге мигрант катары чыгып, өз мекенинен алыста жүргөн Кыргызстандын жарандарына бул китепченин мааниси зор. Анткени анда кыргыз турмуш-тиричилигине тийиштүү кол өнөрчүлүк буюмдары, маданият, салт-санаага байланыштуу түшүнүктөр камтылат.
Китеп орус тилинде жарык көрөт жана чет өлкөдө жүргөн кыргыз атуулдарына багытталган.