Бүгүн, 30-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу менен КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинин ишканаларына жол-курулуш техникалары берилди. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, грейдер, экскаватор, жүк ташуучу унаа, универсалдык жол унаалары жана башка 80 даана жол-транспорт техникалары тапшырылды. Булардын жалпы баасы 6 миллион 241 миң АКШ долларын түзөт.