Өмүрбек Текебаев Калыбек Качкыналиевдин №1-СИЗОнун кызматкерлери жана камалгандар менен жолугушуусунун максаты тууралуу маалымат берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташполот Балтабаев, Сайдулла Нышанов жана Акуналы Досалиев бүгүн, 30-декабрда Бишкектеги №1-СИЗОдо болушту. 
Фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, ага камалган Раушан Рыкуновадан кат келген. Анда СИЗОнун кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар тууралуу жазылган. Ошондой эле катта Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин бир нече жолу СИЗОго келип, камалгандар менен жолугушуп турганы айтылган. 
“Бизге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын  мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев менен анын кеңешчиси Качкыналиев бул жерде өздөрүнүн талаптарын айтканы жана кызматкерлердин алардан корккону белгилүү болду. 10-декабрь күнү Калыбек Качкыналиевдин ушул жакка келгени, акыркы күндөрү СИЗОго 80-90 жолу келгени маалым болгон" деп, маалыматты тактоо үчүн кызматкерлерге суроо узатты. 
№1-СИЗОнун  башчысынын милдетин аткаруучу  Калыбек Калмаматов кеңешчинин СИЗОго келгенин, бирок аны киргизишпегенин айтты. 
Ал эми соттун чечими менен  убактылуу кармоочу жайдын башчылыгынан убактылуу четтеген Марс Жусупбековдун айтымында, Калыбек Качкыналиев аталган жайга 80 жолу келип, кызматкерлер жана камалгандар менен сүйлөшүп кеткен.  
Өмүрбек Текебаев 6 ай ичиндеги Качкыналиевдин жолугушууларынын максаты тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан