Биз социалдык тармакта

Дмитрий Медведев кыргыз элин жана Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады

Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев кыргыз элин жана Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу 30-декабрда КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди. Куттуктоодо “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, чын жүрөгүмдөн Жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Узап бара жаткан жыл Орусия менен Кыргызстандын өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө эки тараптан тең умтулуусун ырастады. 
2014-жылы биргелешкен масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу улантыларына ишенем. Өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыктары үчүн көп пландуу өз ара пайдалуу кызматташууда жаңы чектерге жетишебиз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигиңизге жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтыкты жана өнүгүүнү каалайм!" деп айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан