Бишкек мэриясы жол кире көтөрүлөт деген кептерге түшүндүрмө берди

Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалымдалгандай, накталай эмес төлөм аркылуу, тагыраагы тулпар картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сомду түзөт. Учурдагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом.

"Накталай төлөөнү жогорулатуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүн берет. Накталай төлөгөндө айдоочулардын сол чөнтөгүн толтурабыз. Айдоочулар планды толтуруу үчүн жарышып, кырсыктарга учурап жатышат. Мэрия бул маселенүү чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду. Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде автобустарды алмаштыруу жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык муниципалитет долбоорду иштеп чыгууда бардык сунуш, пикирлер эске алынарын кошумчалады.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө бааны кымбаттатууну сунуштаган. Калаа бийлиги бул калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн иштелип чыкканын белгилеген.

Кечээ мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңеште калаа бийлиги накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрөлү деп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан