Махачкалада 93 жаштагы пенсионерди мыкаачылык менен сабаган үй кызматчысы кармалып, анын иши сотто каралды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, ал үйдө пенсионерди карап, медайымдык кызматты аркалап келген.
Соттун чыгарган чечимине ылайык, үй кызматчы болуп иштеген аял 8-декабрга чейин камакта калтырылды. Судья жактоочунун айыпталуучуну үй камагына алуу же айрым аракеттерге тыюу салуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчүн канааттандырган жок.
Белгилей кетсек, Дагестандын Махачкала шаарында жергиликтүү тургун ооруп жаткан 93 жаштагы апасын караганы аял кишини жумушка алып, кийин күтүлбөгөн окуяга туш болгон. Үй ээси кемпирдин денесинен көк тактарды көргөндөн кийин, көзөмөлдөөчү камера орнотуп, окуянын чоо-жайын билген.