Анарбек Калматов жол кайгуул кызматын жоюу же ШИИББиден бөлүү керектигин айтты

Бүгүн, 30-декабрда парламенттин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда комитет төрагасы Анарбек Калматов жол кайгуул кызматын жоюну сунуштады. 
"Алардын укуктары чектелген. Эң эле жөнөкөй кызматкерлерин кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес. ИИМдин буйругу менен мындай укук ИИБиге ыйгарылган. Бул жол кырсыгынын көбөйүшүнө кесепетин тийгизип жатат. Андыктан мындай чектөөлөрдү алып салуу керек же бул кызматты жоюп салуу шарт", - деди депутат. 
Өз кезегинде вице-премьер-министр Токон Мамытов ИИМди реформалоо боюнча сентябрда токтом кабыл алынгандыгын айтты. "Жол кырсыктары мамлекеттин казынасына көп чыгым алып келип жатат. Анткени өкмөт жол кырсыгынан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүдө. Чындыгында, ИИМдин системасында кемчиликтер бар. Биз алардын үстүндө иштеп жатабыз",- деди Мамытов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан