"Милтон" бороонунан кийин Флоридадагы суу каптаган аймактарында крокодилдер табылган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, алардын бири Форт-Майерс шаарында жергиликтүү тургундун унаасына кол салган. Дагы бир видео социалдык тармактарга тараган, анда суу каптаган турак-жайдын конок бөлмөсүндө крокодилдин жүргөнүн көрүүгө болот.
Флоридадагы балыктарды жана жапайы жаратылышты коргоо комиссиясынын маалыматы боюнча, аллигаторлорду штаттын ар бир округунан табууга болот. Ал эми бийлик өкүлдөрү мындай окуяга кабыл болгондорду тез арада ишеним телефонуна чалууга чакырган.
Белгилей кетсек, АКШнын Флорида штатында 9-октябрда катталган Милтон бороонунан 100дөн ашуун үй кыйраган. Бороон келгенге чейин Флорида бийлиги 5,5 миллион адамды эвакуациялоого чакырып, жарандар коопсуз аймакка 7-октябрдан баштап кете баштаган.