Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани 30-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Куттуктоодо: “Келе жаткан жыл өз ара кызматташтыкты, дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту жана бейпилчиликти, өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоочу жыл болот деп үмүттөнөм. Жараткандан Сизге ден соолук, ийгилик, кыргыз элине гүлдөп өнүгүү жана бакыт тилейм” деп айтылат.