Төө-Ашуу ашуусунда жол тыгыны жоюлуп, ашуу жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
"Саат 14:00гө карата Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жоюлуп, "Сосновка", Арал" постторунда жеңил унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга алына элек. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.
Буга чейин ӨКМ "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулуп, куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышканын билдирген. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.