Төө-Ашууда калып калган айдоочуларга ысык тамак таратылууда

Төө-Ашуудагы жол тыгынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан "Сосновка" жана "Арал" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулду. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы бүгүн, 16-октябрда кабарлады.
Маалымдалгандай, жол тыгында калган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ысык тамак да таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт миристрлиги Бишкек–Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан