Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 31-декабрда кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.
Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу кыргыз элим! Сиздерди чын дилимден Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! 2013-жыл кандай жыл болсо да, ар бирибиздин эсибизде жаркын бойдон сакталсын.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жана сапатын жакшырта алды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, балдар үйүндө тарбияланып жаткандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жөлөк пул көбөйдү. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө коррупцияга каршы чаралар көрүлдү.
Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Жаңы жылыбыз 2013-жылдагы ийгиликтерди улантып кете турган жыл болот деп ишенем. Каалоо-тилектер орундалат деген ишеним ар бирибиздин дилибизде жашасын. Ар бир үйгө тынчтык каалайм!"