Бишкекте бүгүн, 31-декабрда Жаңы жыл майрамы белгиленүүдө. Шаар тургундары жана конокторуна Аяз ата менен Аяз кыз концерттик программаны куттуктоо сөзү менен ачып беришти. Алар кыргыз элине тынчтык, бейкуттукту каалап, мындан ары куттуктоо үчүн Казакстандын элине барарын айтышты.
"Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу калайык калкым! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!" деп өз сапарын улантышты.
Ал эми борбордук аянтта эл менен кошо кыргыз эстрадасынын ырчылары, "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли, "Сувенир" ыр-бий ансамбли, КРнын Эл артисти Үмүт Тилегенова, мэриянын алдындагы №4 -чыгармачыл балдар мектеби, ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жыл жаңырыгы" наамынын ээси Алтынай Нарбаева жаңы жылдык маанайда майрамды улай жагымдуу чыгармаларды аткарышты.