Суданда атып түшүрүлгөн учакта каза болгон Виктор Гранов «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкери эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда мекеменин маалымат кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалымдалгандай, кырсыкта табылган күбөлүк “Airline Transport Incorporation FZC” компаниясынын учкучу, Орусиянын жараны Виктору Грановго таандык. Анда Кыргызстандын жарандыгы жок экендиги кошумчаланган.
“Гранов 2024-жылы Бишкектен Ош шаарына учуучу АН-12 учагына учкуч катары чакырылып, бирок бош убактысы жок болгондуктан келбей калган. Ошол учурда аэропорт тарабынан ага тийиштүү күбөлүк берилген.
Мындай күбөлүк «Манас» эл аралык аэропорту менен келишими бар компаниялардын кызматкерлерине, аба майданда өз кызматтарын аткарууга тоскоолдук жаралбаш үчүн берилет.
Суданда атып түшүрүлгөн EX 76 011 жүк ташуучу учагы Египеттин “New Way Cargo Airlines ST-JLN” компаниясына таандык, анын “Airline Transport Incorporation FZC” компаниясына тиешеси жок. Ал эми “New Way Cargo Airlines ST-JLN” компаниясы да Кыргызстанда катталган. Жүк ташуу үчүн аба операторунун сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу", - деп айтылат маалыматта.