Суданда орусиялыктар бар делген жүк ташуучу учак атып түшүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
Каза болгондордун бири FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов болуп чыкты. Бул видеодо анын аты-жөнү жазылган "Манас" аэропортунун күбөлүгүн көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, Орусиянын элчилиги жергиликтүү бийлик менен байланышта экенин жана болгон окуянын чоо-жайын тактап жатканын билдирди.