Судандын күч түзүмдөрү атып түшүрүлгөн Ил-76 учагы боюнча иликтөөсүн баштады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, атайын түзүлгөн комиссия учактын кайсы өлкөгө таандык экендигин аныктайт.
“Учактын кайсы мамлекетке таандык экенин жана бортунда кимдер болгонун аныктоо үчүн комиссия түзүлдү”, - деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, Суданда орусиялыктар бар делген жүк ташуучу учак атып түшүрүлгөн.
Каза болгондордун бири “FZC Airline Transport Incorporation” компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов болгондугу айтылган. Анын жанынан "Манас" эл аралык аэропортунун күбөлүгү чыккан. Мекеме өз комментарийин берип, аба майдан менен келишими бар компаниялардын кызматкерлерине күбөлүк берилерин билдирген.