Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап "Жаратканым элибизге биримдик, жерибизге береке берсин" деди

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: 

"Жаңы жылды тосуу көпчүлүгүбүз үчүн өзгөчө майрам. Бул күнү баарыбыз толкунданып Жаңы жылдын келишин күтөбүз. Мен да азыр бала кезимдегидей толкунданып, жүрөгүм үмүткө толуп турат. 

Айрым учурларда жашоо адамды катуу сынайт. Бул адам жеңил жолго алданып, арам ойго алдырып, тилегин сатып коёбу деп сынайт. Ак жолуңда бекем турсаң, оор сыноолордо да сынбасаң, анда тилегиң сөзсүз орундалат. Эч качан жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Тилектен тайбаш керек. Жамандыкты амандык жеңет. Мен муну так билем. 

Биз азыр эски жылга рахмат айтып, аны менен коштошобуз. Кетип бара жаткан жыл оңой болгон жок. Далай кыйынчылыктардан, сыноолордон өттүк. Бирок кандай күн болсо да Кыргызстан жаңы баскан балага окшоп, бутуна турду. Эгемендүүлүккө карай биринчи кадамдарды жасады. 

Бул кадамдардын натыйжасында өлкөбүздүн экономикасында да жылыштар башталды. Өткөн жылдын жыйынтыгын алсак, Кыргызстан ички дүң продукциясынын өсүшү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн баарынан ашып биринчи болду. 

Өлкөбүздө ГЭСтер курулуп, ЖЭБдер оңдолду. Ар бир аймакта заңгыраган жолдор курулуп жатат. Айыл чарбасында, суу чарбасына ири долбоорлор башталды. Аскердик реформа да 2-3 жылдын ичинде жемишин берет. 

Эң башкысы элибиз, коомубуз өзгөрүп, тазалана баштады. Урууну ойлобой - улутту ойлогондор, коктусун ойлобой коомун ойлогондор көбөйүп баратат. 

Урматтуу мекендештерим! 

Жараткан Кыргызстанды колдосун. Элибизге биримдик, жерибизге береке берсин. Бул баарыбыздын тилегибиз. Бул тилегибизден кайтпайлы! Бул тилегибизди сатпайлы! Ар кайсы жактан мекенибизде "бай болом", "хан болом" деп тытмалабай ар бирибиз мекенибизге жардам берели. Анткени биз башка жерде бактылуу боло албайбыз. Кыргызстан жок болсо кыргыз жок болот. Биздин келечек биримдикте. Манас атабыздын "Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!" деген насаатын унутпайлы. 

Бириксек бардык нерсе колдон келет! Тилектердин баары орундалат! 

Мекендештерим менин! 

Жаңы жылда баарыңыздарга чың ден соолук, бакты-таалай каалайм! Жүрөгүңөрдө дайыма жакшылык толуп турсун. Үмүт өчпөй дайыма жанып турсун. Кудай колдоп ойлоруңар орундалсын! Жаратканым элибизге биримдик, жерибизге береке берсин! 

Жаңы жылыңыздар менен!" 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын элине Жаңы жылдык куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан