Телеграмдын негиздөөчүсү Дуров ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү

Телеграм каналынын негиздөөчүсү Павел Дуров ийгиликке жетүүнү каалагандар ичимдиктен алыс болуу керек экенин айткан. Бул тууралуу ал Телеграм каналында билдирүү калтырган.

Анда ал жаштарга кеңеш айтып, спирт ичимдиктери ийгиликке жетүүгө тоскоол болорун билдирген.

"Эгер мен жашы 20 жаштан өткөн жаштарга кеңеш бере турган болсом, аларга "эч качан спирт ичимдиктерин ичпегиле" демекмин. Мен дээрлик 20 жылдан бери алкоголдук ичимдиктерди ичпейм, бирок көптөгөн ийгиликтүү адамдар ушул нерсенин айынан жашоосун талкалап алгандарды көрдүм. Бул нерсе менен убактылуу көңүлүң көтөрүлгөнү менен, бир нече күн акылыңды алат. Бул карызга акча алып, ага акча кошуп төлөп берген сыяктуу. Убактылуу жыргал жашоону ойлоп, өмүр бою кыйналасың" - деп жазган Дуров.

Ошондой эле ал максаттарга жетүү үчүн туура тамактануу жана спорт маанлүү экенин кошумчалаган.

"Азыр адамдардын көбү спирт ичимдиктерин ичишет, тез тамактануучу татымдар менен тамактанышат жана аз кыймылда болушат. Бул деле нормалдуу көрүнүш. Бирок сиз максаттарга жетүүнү кааласаңыз, өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү бир кыйла жогорулатуу менен ден соолугуңузду, дене түзүлүшүңүздү сактай аласыз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан