Грузиянын борбору Тбилиси шаарындагы парламент имаратынын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор акция өткөрүп жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Анда кабарлангандай, нааразычылык акциясына чыккандардын айрымдары Евробиримдик жана Грузиянын желектерин көтөрүп алышкан. Алар Руставели проспектисин тосушкан.
«Биримдик – Улуттук кыймыл» партиясынын лидерлеринин бири Гиоргий Вашадзе кайра парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышканын "РИА Новости" басылмасы жазды.
Буга чейин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, элди дүйшөмбү күнү Тбилисиде нааразылык акциясына чыгууга чакырганы маалымдалган.
Эске салсак, 26-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы 54,08 пайыз менен жеңишке жеткен.