Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм жарыкка келди. Тилекке каршы, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. Калган ымыркайлар 1 килограмм 400 грамм, 2 килограмм 10 грамм, 2 килограмм 309 грамм салмакта төрөлүшкөн. Бул тууралуу 1-январда, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда ымыркайлардын жана эненин абалы туруктуу. Кайра жандандыруу бөлүмүндө доктурлардын көзөмөлүндө жатышат.
Белгилей кетсек, ымыркайлардын энеси, Бишкектин Келечек жаңы конушунун 30 жаштагы тургуну Бактыгүл Молдотаева буга чейин эки бала төрөгөн.