Имамидин Ташовду операциядан кийин күч орган кызматкерлери тергөө абагына алып кетишти (видео)

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду операциядан кийин күч орган кызматкерлери кайра тергөө абагына алып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, ал курсагы кесилген абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Ташовдун тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Эске салсак, "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп шектелип, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов быйыл 22-апрелде УКМК тарабынан кармалган.

Кечээ, 29-октябрда Биринчи май райондук сотунда прокурор айыптоо актысын окуп, Ташов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылганын” айтты. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке какты. Кийинки соттук отурум 12-ноябрга белгиленди.

Видео: Апрель ТВ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан