АКШнын Колорадо штатында марихуана ачык сатылат

2014-жылдын 1-январынан тарта АКШнын Колорадо штатындагы 348 соода түйүнүнө марихуананы (кара куурайдан жасалуучу баңгизаты) ачык сатууга уруксат берилди. Аларда сатылуучу баңгизаттын салмагы 28 граммдан ашпоосу керек жана 21 жашка толо электерге сатылбоого тийиш. Бул тууралуу 1-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Колорадонун артынан ушундай эле уруксат Тынч океандын жээгиндеги Вашингтон штатына да берилмекчи. Аткаминерлер "марихуана сатуудан жылына 67 миллион доллар салык түшөт" деп белгилешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан