Бишкек жана Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздар 8-январга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу 30-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, талапкерди көрсөтүүгө фракциялар, шаардык кеңештердеги коалициялар жана премьер-министр укуктуу. Талапкерлер кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышы керек. Алардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн ар бир шаарда атайын комиссия түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтөт.