Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев көп бала төрөгөн энелерге материалдык жардам берилерин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Нарын шаарына болгон иш сапарында айтты.
УКМК башчысы убадалаган акча каражаты төртүнчү баладан баштап берилерин белгиледи.
"Азыр өкмөттүн программасында бар. Президентибиз дагы тапшырма берди. Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн энелерге 100 миң сом сүйүнчү берилет. Бул эркетерге берилбейт. Кийин анан эркектер "бизге дагы бергиле!" деп жүрбөгүлө. Бешинчи балага 600 миң сом, жетинчисине 1 миллион сом берилет. Сегизди, тогузду төрөгөндөргө 1,5 миллион сом берилсе, онду төргөн энелерге 2 миллион сом берилет", - деди ал.
Ташиев айтылган материалдык жардам деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жашагандарга гана берилерин кошумчалады.