Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 4-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген.
Бүгүн Режеп Тайып Эрдоган менен президент Садыр Жапаров жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты. Анда кыргыз-түрк алакасын арттырууга өбөлгө түзө турган бир катар документтерге кол коюлду.
Жапаров Эрдоганды Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады.
Ошондой эле Эрдоган эртең Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.