Билим берүү министрлиги Бишкектеги №57 мектепте мугалимди урушуп, ыйлаткан эненин жоругуна үн катып, тиешелүү органдарга кайрылганын билдирди.
Министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге орой мамиле кылууга, анын беделин түшүрүүгө жол берилбеши керектигин белгилеп, ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат.
"Бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.