Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Жапаров туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү экенин белгиледи.
"Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис. Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт. Бул, айрыкча, азыркы тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөлүк процесстер маалында таасын байкалууда. Акыл-парасат менен жоопкерчилик принциптери чыныгы журналисттин эң маанилүү сапаттарына айланды. Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда коомдогу окуяларды калыс чагылдырууга дилгирлигиңиздерди, умтулууңуздарды жогору баалайбыз" - деген мамлекет башчы.
Ошондой эле ал Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен удаалаш уюшулган Кыргыз мамлекетинин улуттук алгачкы басылмасы “Эркин Тоо” гезитине бүгүн 100 жыл толгонун айтып өттү.
"Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен удаалаш уюшулган Кыргыз мамлекетинин улуттук алгачкы басылмасы “Эркин Тоо” гезитине бүгүн 100 жыл толуп олтурат. Эгемендик жылдарында сиздердин кесиптик майрамыңыздар белгиленген 7-ноябрь дал ушул тунгуч гезитибиздин жарык көргөн күнүнө байланыштуу “Маалымат жана басма сөз күнү” деп жарыяланганын жакшы билесиздер. Кыргыз мамлекети жаңыдан түптөлүп жаткан шартта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун расмий басылмасы “Эркин Тоо” гезитинин көтөргөн жүгү канчалык өлчөөсүз болсо, бүгүнкү ааламдашуу доорунда кыргыз журналистикасынын орду дагы ошончолук баалуу, ошончолук жоопкерчиликтүү.
Бүгүнкү күндө жаңы технологиянын, интернеттин заманында, медиа мейкиндигинин табияты өзгөргөн шартта адилеттүүлүк жана калыстыкты туу туткан журналисттерибиз күнү-түнү талыкпай эмгектенип, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анын чын-бышыгын аныктоо менен өлкөдөгү маалымдуулукту камсыздоодо жигердүү кызмат кылып келишүүдө.
Урматтуу журналисттер! Сиздерди бүгүнкү кош майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чыгармачыл эргүү, кенен ой-чабыт каалайм жана ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин", - деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.