"Даават жоюлбайт". Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү (видео)

Бүгүн, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

"Муфтият менен аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик реформалар сыяктуу эле мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынат. Динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керек. Ал эми “дааватты жоюп жатат” дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп", - деген Жапаров.

Кошумчалангандай, президент сөзүн жыйынтыктап жатып, катышуучуларды мындан аркы талкуулоого чакырып, мыйзам долбоору боюнча алымча-кошумчаларды киргизип, ар тараптан талкуулап, жакшылап иштеп чыгып, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнү сунуштаган.

Ага улай диний ишмерлер өз кезегинде долбоор акыркы эки айдан бери бир нече жолу талкууланганын жана алардын сунуштары жеткире иштеп чыгуу учурунда эске алынганын белгилешкен. Бүгүнкү жыйындын алкагында мыйзам долбоорунун текстине кирген кошумча сунуштар да айтылган.

08.11.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан